Масалиев Абсамат Масалиевич - Партиянын Ысык-Көл обкомунун биринчи катчысы. 1984-ж.

Булак: foto.kg

Кыргызстан Компартиясынын Ысык-Көл обкомунун пленумунун А.М. Масалиевдин партиянын Ысык-Көл обкомунун биринчи секретарлыгына жана бюро мүчөлүгүнө шайланышы жөнүндөгү 1979-ж. 12-январындагы № 13 протоколу.

КР БМ КСДА. Ф.1402. Т.30. К.6. Б.1-3.

Кыргызстан Компартиясынын Ысык-Көл обкомунун уюштуруу пленумунун А.М. Масалиевдин биринчи катчылык кызматына жана бюро мүчөлүгүнө шайланышы жөнүндөгү 1979-жылдын 20-январындагы № 1 протоколу.

КР БМ КСДА. Ф.1402. Т.30. К.8. Б.1-4.

Партиянын Ысык-Көл обкомунун биринчи катчысы А.М. Масалиевдин Кыргызстан Компартиясынын XVII-съездинде сүйлөгөн сөзү.

Кыргызстан Компартиясынын XVII-съезди. 20-22-январь 1981-ж. Сөзмө-сөз отчет. Фрунзе: «Кыргызстан», 1981. Б.110-115.

Кыргызстан Компартиясынын БК I- Пленумунун А.М. Масалиевди партиянын Ысык-Көл обкомунун биринчи катчылыгына, Кыргызстан КП БК бюро мүчөлүгүнө шайланышы жөнүндөгү 1981-жылдын 22-январындагы токтому.

КР БМ КСДА. Ф.56. Т.296. К.626. Б.60.

Пржевальск ш. чарбалык жана идеологиялык активдин КПССтин XXVI-съездинин делегаты, партиянын Ысык-Көл обкомунун биринчи катчысы А.М. Масалиев менен болгон жолугушуусу жөнүндөгү «Советтик Кыргызстан» газетасында жарыяланган макала.

«Советтик Кыргызстан», 29-март 1981-ж.

Партиянын Ысык-Көл обкомунун биринчи катчысы А.М. Масалиев Ысык-Көл областтык драма театрынын ачылышына арналган салтанаттуу жыйынды ачууда. Пржевальск, 7-май 1982-ж.

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Ысык-Көл облустук башкармалыгынын сүрөт документи.

Партиянын Ысык-Көл обкомунун биринчи катчысы А.М. Масалиев Ысык-Көл областтык драма театрынын салтанаттуу ачылышында. Лентаны КПСС БК мүчөсү, СССР Жогорку Советинин депутаты, КПСС БК жалпы бөлүмүнүн башчысынын орун басары К.М. Боголюбов кесүүдө. Пржевальск ш., 7-май 1982-ж.

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Ысык-Көл облустук башкармалыгынын сүрөт документи.

Партиянын Ысык-Көл обкомунун биринчи катчысы А.М. Масалиев (оңдон солго 3-ү) Ысык-Көл областынын Рыбачье шаарындагы орус географы жана саякатчысы П.П. Семенов- Тян-Шанскийдин эстелигинин ачылышына арналган митингдин катышуучулары менен. 15-август 1982-ж. .

КР БМ КФФДА.

Партиянын Ысык-Көл обкомунун биринчи катчысы А.М.Масалиев Болгариядан келген делегациянын мүчөлөрү менен Көк-Жайык жайлоосунда. Ысык-Көл облусу, 1982-ж.

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Ысык-Көл облустук башкармалыгынын сүрөт документи.