Кыргызстандын мамлекеттик жана саясий ишмери Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгына карата (1933-2004)

 

АБСАМАТ МАСАЛИЕВ - ЭЛИНИН ЧЫГААН УУЛУ

 

Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Абсамат Масалиевич Масалиев 1933-жылдын 10-апрелинде Ош областынын Фрунзе районунун (азыркы Баткен областынын Кадамжай району) Алыш айылында туулган. Сегиз жылдык мектепти аяктагандан кийин Кызыл-Кыядагы тоо-кен окуу жайынын “тоо техник” адистиги боюнча билим алган. 1956-жылы Москва тоо-кен институтун бүтүрүп, катмардуу кендерди иштетүү боюнча тоо инженери адистигине ээ болгон.

Эмгек жолун 1956-жылы участок начальнигинин жардамчысы болуп баштап, андан кийин Ош областындагы «Кызыл-Кыяуголь» кен башкармасынын «Комсомольская» шахтасында башкы инженердин орун басары, 1958-1961-жж. Ош областындагы «Кыргызуголь» трестинин башкы инженеринин жардамчысы болуп иштеген.

1961-жылы А.М. Масалиев партиялык ишке өтүп, Кыргызстан КП Ош обкомунун өнөр жай жана транспорт бөлүмүнүн инструктору болуп дайындалат.

1962 -1964-жж. Алма-Атадагы Жогорку партиялык мектептин партиялык жана советтик органдарынын өнөр жайды башкаруу боюнча кадрларын даярдоо жана кайра даярдоо факультетинде окуган.

1964-1965-жж. А.М. Масалиев Кыргызстан КП БК жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин партиялык-мамлекеттик контроль комитетинин өнөр жай, транспорт жана байланыш бөлүмүнүн инспектору, андан кийин партиянын Ош обкомунун жана областтык аткаруу комитетинин партиялык-мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп эмгектенет.

1966-жылдын апрелинен 1968-жылдын апрелине чейин партиянын Ош обкомунун өнөр жай жана транспорт бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. 1968-жылы Кыргызстан КП БК өнөр жай жана транспорт бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп дайындалат.

1969-жылдын октябрынан 1971-жылдын январына чейин Кыргызстан КП Таш-Көмүр шаардык комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген.

1971-жылдын январынан 1973-жылдын январына чейин А.М. Масалиев Кыргызстан КП БК өнөр жай жана транспорт бөлүмүнүн башчысынын кызматын аткарган.

1973-жылдын январынан 1974-жылдын февралына чейин А.М. Масалиев эмгекчилер депутаттарынын Фрунзе шаардык Советинин аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштейт.

1974-жылдын 19-февралында Кыргызстан КП БК XII- пленумунда А.М. Масалиев Кыргызстан КП БК катчылыгына жана бюро мүчөлүгүнө шайланып, бул кызматта 1979-жылдын январь айына чейин иштеген.

1979-жылы январь айында А.М. Масалиев Кыргызстан КП Ысык-Көл обкомунун биринчи катчылыгына шайланып, бул кызматта 1985-жылдын 27-июнуна чейин иштеген.

1985-жылдын июнь - октябрь айлары – ССКП БК инспекторунун милдетин аткарат.

1985-жылдын 2-ноябрында Кыргызстан КП БК XXI- пленумунда А.М. Масалиев Кыргызстан КП БК биринчи катчылыгына шайланат. 1986-жылдын 24-январында Коммунисттик партиянын XVIII -съездинде шайланган БК 1-пленумунда Кыргызстан КП БК биринчи катчысы жана бюро мүчөсү болуп шайланат.

1990-жылдын 10-апрелинде XII- чакырылыштагы Кыргыз ССР Жогорку Советинин 1-сессиясында Кыргызстан КП БК биринчи катчысы А.М. Масалиев Кыргыз ССР Жогорку Советинин Төрагасы болуп шайланган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Төрагасынын иш милдетинен А.М. Масалиев 1990-жылдын 10-декабрында XII- чакырылыштагы Кыргыз ССР Жогорку Советинин III -сессиясында өзүнүн жеке арызынын негизинде бошотулган.

1990-жылдын 15-июнунда Кыргызстан КП XIX- съездинде А.М. Масалиев БК мүчөсү, КПССтин XXVIII- съездинин делегаты болуп, ал эми 1990-жылдын 15-июнундагы БК 1-пленумунда Кыргызстан КП БК биринчи катчысы жана бюро мүчөсү болуп шайланат.

1991-жылдын 6-апрелинде БК IV- пленумунун чечими менен СС КП БК аппаратында иштөөгө өткөндүгүнө байланыштуу А.М. Масалиев Кыргызстан КП БК биринчи катчысынын жана бюро мүчөлүгүнүн милдеттеринен бошотулуп, 1991-жылдын апрелинен августуна чейинки мезгилде ССКП БК идеология бөлүмүнүн консультантынын милдетин аткарат.

А.М. Масалиев Кыргыз ССР Жогорку Советинин бир нече чакырылышынын депутаты, СССР Жогорку Советинин депутаты жана СССРдин эл депутаты болгон.

1992-2004-жж. А.М. Масалиев Кыргызстан коммунисттик партиялар Союзунун БАК төрагасы, Коммунисттик партиялар Союзунун Советинин аткаруу комитетинин мүчөсү, СКП-КПСС төрагасынын орун басарынын милдетин аткарат.

1993-жылдын январынан 1996-жылдын июнь айына чейин А.М. Масалиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өнөр жайдагы коопсуздукту көзөмөлдөө жана тоо-кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору, андан кийин КР Өкмөтүнө караштуу эл чарбасында эмгекти жана өндүрүштүк коопсуздукту көзөмөлдөө жана тоо-кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорлугуна дайындалат.

1995-2000-жж. А.М. Масалиев КР Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, 1996-2000-жж. Мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин төрагасы, 2000-2004-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетин жетектеген.

Көп жылдык үзүрлүү ишмердүүлүгү үчүн А.М. Масалиев эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени, Октябрь Революциясы ордени, КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Шериктештигинин ордени, III- даражадагы “Манас” ордени жана медалдар менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 25-июнундагы № 256 Жарлыгы менен А.М. Масалиевге Кыргызстандын жана кыргыз элинин алдындагы өзгөчө жеке кызмат көрсөткөндүгү жана мекенине жан аябас кызмат кылуунун үлгүсү, мамлекеттик кызматтагы жогорку жарандык позициясы үчүн Кыргызстандын жогорку сыйлыгы – «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылып, «Ак Шумкар» атайын төш белгиси менен сыйланат.

А.М. Масалиев 2004-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында каза болгон. 2005-жылы Бишкек шаарындагы Мамлекеттик ишмерлердин аллеясында А.М. Масалиевдин бюсту орнотулуп, анын ысымы Бишкек жана Каракол шаарларындагы көчөлөргө ыйгарылган.

Мамлекеттик ишмердин 90 жылдыгына карата даярдалган бул көргөзмө өзүнүн түзүлүшү боюнча А.М. Масалиев түздөн түз катышуучу болгон тарыхый окуялар менен тыгыз байланышта даярдалды.

Экспозицияда Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивинин, Кыргыз Республикасынын Коомдук-саясий документтердин Борбордук мамлекеттик архивинин, Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтер архивинин,Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Ысык-Көл областтык башкармалыгынын документалдык материалдары койулган.

 

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү

министрлигине караштуу Архив кызматы